www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында курулуш тармагында биргелешип бизнес жүргүзөбүз деген шылтоо менен 50 миң АКШ долларын алдап алган деп шектелген жаран кармалды.

Ленин РИИБдин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 5-июлунда милицияга Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Анын айтымында, 2024-жылдын 10-майында өзүнө тааныш Ы.Б. аттуу жаран курулуш тармагында биргелешип иш алып барарын айтып ишенимине кирип, 50 миң АКШ долларын алган.

Бирок убадаланган ишкердик жүргүзүлгөн эмес жана акча каражаты кайтарылган эмес.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1998-жылы туулган Ы.Б. аттуу жаран кармалып, Ленин РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген. Ал Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милиция аталган жарандын аракеттеринен жабыркагандар болсо, 502 995 999, 0508 41 41 44 же 102 телефондору аркылуу кайрылууга чакырды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Последние новости