www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте «Кара-Куурай» операциясынын алкагында 3 тонна 500 килограмм жапайы кара куурай жок кылынды.
Борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИББ) маалыматы боюнча, курамында баңгизат бар өсүмдүктүн өскөн жерлери алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган. Кара куурай механикалык ыкма менен чабылып, андан соң өрттөлгөн.
Эске салсак, «Кара-Куурай» операциясы ИИМдин республикалык «МАК-2026» иш-чарасынын алкагында өтүп жатат. Планга ылайык, анын биринчи этабы 6-июлдан 11-июлга чейин жүргүзүлөт.