www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы Шаршенек кызы Гүлназды издеп жатканын билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 2026-жылдын 28-июнунан 29-июнуна караган түнү болжол менен саат 01:00дө Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунун Шералиева көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес.
Изделип жаткан жарандын бою болжол менен 165 сантиметр, салмагы 60–65 килограмм. Ошондой эле анын эпилепсия оорусу бар экени маалымдалды.
Ал үйдөн чыккан учурда күрөң түстөгү халат жана шым, ошондой эле кыргызча орнаменттери бар агыш түстөгү жилет кийип жүргөн.
Бул факт боюнча материал Ленин РИИБинин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталган.
Ленин РИИБи изделип жаткан жарандын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0703 699 055 же 0 (224) 214 346 телефондору аркылуу милицияга кабарлоого чакырат.