www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте газ түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу 17-августтан 19-августка чейин айрым аймактарда жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат.
«Бишкекгаз» газ кызматынын маалыматына ылайык, иштер орто басымдагы газ түтүгүндө жүргүзүлөт.
Газ берүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймактарда токтотулат: БЧК району, Ала-Арча дарыясы, Лев Толстой, Баялы Алыкулов, Киров, Фрунзе көчөлөрү, Дэн Сяопин проспекти, Патрис Лумумба, Фучик жана Жамгерчинов көчөлөрү.
Газ кызматы жарандардан келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, өчүрүү мезгилинде альтернативдүү энергия булактарын колдонууну өтүндү.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлүп жаткан иштер газ менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатууга багытталган.