www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек ЖЭБи газ менен жылытууга өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангельдиев билдирди.

Анын айтымында, учурда бул маселе «Газпром» компаниясы менен талкууланууда.

- Калк үчүн жана ишканалар үчүн өзүнчө тарифтер бар. Эгер ЖЭБ ишкана катары газга өтсө, ага коммерциялык тариф колдонулат. Акыркы жылдары ЖЭБ модернизацияланганын билесиздер, бирок бардык системаны бир учурда өзгөртүү мүмкүн эмес. Ошентсе да, мындай иштер планда бар. Учурда бул маселе боюнча “Газпром” менен иш алып барып жатабыз. Азырынча ЖЭБ үчүн газ басымы жетишсиз, бирок бул көйгөй чечилсе, ЖЭБди газга өткөрүүгө болот. Бул үчүн бир-эки жыл талап кылынат, - деп билдирди Амангельдиев.

Бирок ЖЭБ газга өткөрүлсө жылуулукка болгон тарифтин баасы кайрадан өсөт.

Последние новости