www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
30-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралардын өткөрүлүшүнө байланыштуу транспорт каражаттарынын кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкекте кыймылга чектөө төмөнкү көчөлөргө киргизилет:
«Манас» эл аралык аэропортунан тартып Васильев трактында, Фучик көчөсүндө, Чүй, Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилеринде, ошондой эле Абдрахманов, Байтик Баатыр көчөлөрүндө, Масалиев проспектисинде, Жайыл Баатыр жана Барпы Алыкулов көчөлөрүндө.
Чүй облусунда иш-чаралар өтүп жаткан учурда айрым автожолдордо транспорт кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилип турат.
Ысык-Көл облусунда убактылуу чектөөлөр автожолдордун айрым тилкелерине, анын ичинде «Тамчы» эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейин, ипподром аймагында, ошондой эле Кырчын капчыгайына алып баруучу жолдо киргизилет.
Белгилей кетсек, бул күндөрү Кыргыз Республикасында ШКУ (Шанхай кызматташтык уюму) саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт.
ИИМ борбор калаанын тургундарынан жана конокторунан көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну жана жүрүү маршруттарын алдын ала пландаштырууну суранат.