www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин өкүлдөрү Кытайдын Нанкин шаарынан келген SOHO Culture Group Co., Ltd. компаниясынын делегациясы менен жолугушту.
Жолугушууга департаменттин директору Канатбек Маматов, анын орун басары Рустам Алишеров, мекеменин кызматкерлери, ошондой эле компаниянын башкармалыгынын төрагасы Юэ Лян жана кытайлык тараптын өкүлдөрү катышты.
Тараптар туризм, спорт жана жаштар саясаты тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Айрыкча Бишкектин туристтик потенциалын эл аралык деңгээлде илгерилетүү, туристтик инфраструктураны өнүктүрүү жана эс алуу-көңүл ачуу багытында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар аталган багыттарда кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.