www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте салынып жаткан «Бишкек Арена» стадионунун ичинде «Bishkek Arena Mall» аталышындагы заманбап соода борбору жайгашат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, учурда «Бишкек Арена» стадионунун курулуш иштери активдүү жүргүзүлүп жатат. Бүгүнкү күндө курулуш толук кандуу жүрүп, долбоор акыркы этаптарына жакындап калды.
Стадиондун ичинде «Bishkek Arena Mall» аталышындагы заманбап соода борбору жайгашат. Аталган соода борбору үч кабаттан туруп, ишкерлер жана келүүчүлөр үчүн бардык шарттар менен камсыздалат.
"Алдын ала пландар боюнча 2026-жылдын 1-апрелинен тартып «Bishkek Arena Mall» соода борборундагы соода жайларын сатууга старт берилет.
Ошондуктан бул мүмкүнчүлүккө кызыккан ишкерлерди азыртан даярданууга чакырабыз. Телефон номерлер жана кошумча маалыматтар 1-апрелден тартып жарыяланат.
Соода борборуна келген жарандар үчүн жетиштүү сандагы унаа токтотуучу жайлар (парковка) каралган. Мындан тышкары, объект толугу менен заманбап жана ыңгайлуу шарттар менен камсыздалып, Бишкектеги эң кооз соода борборлорунун бири болот", - деди Туманбаев.