www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катыша турган көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу жана коомдук тартипти сактоо максатында «Бишкек Арена» стадионуна киргизүүгө тыюу салынган буюмдардын тизмеси белгиленди.

Ички иштер министрлиги жарандарды иш-чарага барар алдында белгиленген талаптар менен таанышып, коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.

Стадиондун аймагына тамеки, IQOS, насвай, сагыз, сырттан алып келинген тамак-аш жана суусундуктар, айнек бөтөлкөлөр, банкалар жана башка катуу же сынуучу идиштерди алып кирүүгө болбойт. Ошондой эле көлөмдүү рюкзактарды, сумкаларды жана чемодандарды алып кирүүгө тыюу салынат.

Мындан тышкары, курал-жарактарды, сайгыч-кесүүчү буюмдарды, пиротехникалык каражаттарды, аэрозолдук жана газ баллондорун, ошондой эле адам өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратышы мүмкүн болгон башка кооптуу буюмдарды алып өтүүгө жол берилбейт.

Алдын ала уруксат берилбеген кесиптик видеокамералар, дрондор, радиостанциялар жана жогорку жыштыктагы байланыш жабдуулары да стадионго киргизилбейт.Ошондой эле музыкалык аспаптарды, ышкырыктарды, мегафондорду жана башка катуу үн чыгаруучу каражаттарды алып кирүүгө тыюу салынат.

Тыюу салынган буюмдар кире бериште текшерилип, стадионго алып кирүүгө жол берилбейт.

Ички иштер министрлиги жарандарды иш-чарага өз убагында келип, текшерүүдөн өтүүдө кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын аткарууга, тыюу салынган буюмдарды алып келбөөгө жана коомдук тартипти сактоого чакырат.

Коопсуздук талаптарын сактоо - VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин тынч жана жогорку деңгээлде өткөрүүнүн маанилүү шарттарынын бири.

Эскерте кетсек, мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагындагы айрым жол тилкелеринде убактылуу чектөөлөр киргизилип, транспорт каражаттарынын кыймылы мезгил-мезгили менен убактылуу жабылат.

"Урматтуу тургундар жана айдоочулар!

Жолдордогу киргизилүүчү убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөбүз. Жол тыгындарынын алдын алуу максатында каттамдарыңызды алдын ала мерчемдеп, мүмкүнчүлүккө жараша сапарга чыгуудан убактылуу баш тартууңуздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта. 

Последние новости