www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
23-августта Боом капчыгайында жана Нарын облусунда болгон эки жол кырсыгынан 13 адам ооруканага жеткирилди.
Милициянын маалыматына караганда, Боом капчыгайында Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу капыстан каршы тилкеге чыга калган Audi менен кагылышуудан качууга аракет кылган. Натыйжада Sprinter каршы тилкеде келе жаткан Hyundai Sonata менен сүзүшкөн.
Кырсыктан жабыркаган тогуз адам Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген.
Ошол эле күнү Нарын облусундагы Сары-Булак — Кочкор унаа жолунда дагы бир жол кырсыгы катталган. Анда Lexus үлгүсүндөгү жеңил унаа менен жүк ташуучу унаа кагылышкан.
Кырсыктан Lexus унаасынын айдоочусу жана үч жүргүнчүсү ооруканага жеткирилген. Жабыркагандардын биринин абалы орточо оор деп бааланса, калгандарынын абалы жеңил экени айтылды.
Кырсыктан кийин жүк ташуучу унаанын чиркемеси жолду тосуп, тыгын пайда болгон. Кыймыл болжол менен эки саатка чектелген. Жолдо токтогон унаалардын айдоочулары жана жүргүнчүлөрү чиркемени жолдон чыгарууга жардам беришкен.