www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маалыматта Уланбек Калманбетовдун агенттиктин жетекчилигинен өзүнүн арызы менен кеткендиги айтылган.

Президенттин жарлыгы менен Уланбек Калманбетов Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорлугунан бошотулду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта Уланбек Калманбетов кызматтан өзүнүн арызы менен кеткендиги айтылган.

Жапаров башка жарлык менен аталган агенттикке Токтомамбет Сатышовду дайындады.

Эске салсак, Калманбетовдун бул кызматка келгенине бир айдын тегереги болгон, тагыраагы, ал 8-июнда дайындалган эле.

Ачык маалымат булактарына таянсак, жаңы жетекчи Ош облусунун архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик башкармалыгынын жетекчиси болгону белгилүү. Сатышов 64 жашта, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда туулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости