www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте окумуштууларга таянып Кыргызстанда катуу жер титирөөлөр болушу мүмкүндүгүн эскертти.

Ал курулуш иштерине акыркы технологияларды колдонуу жана имараттардын жер титирөөгө чыдамдуулугун текшерип туруу актуалдуу болуп жатканын белгиледи.

"Кыргыз окумуштуулары дагы алдыдагы күчтүү силкинүүлөрдүн ыктымалдыгын болжолдошууда. Эң кооптуу зоналарды белгилеп, тектоникалык жаракаларга кандай роль берилгенин иликтеп жатышат. Жыл сайын өлкөдө 13 миңге чукул сейсмикалык термелүүлөр болуп турат. Демек, биз көзөмөлдү эч качан азайтпашыбыз керек", — деди Жапаров.

Анын айтымында, акыркы 150 жылда Кыргызстанда күчү 7 баллдан өйдөрөөк 10дон ашуун катуу жер титирөө катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости