www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда коомчулукта «75чилердин каты» деген ат менен белгилүү болгон кылмыш иши боюнча кезектеги сот отуруму 8-июнда уланды. Иштин алкагында УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана экс-депутат Курманкул Зулушев баш болгон сегиз адам айыпталууда. 

Тергөө органдары аларга «бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу» жана «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча айып тагышкан. Ал эми айыпталуучулар коюлган айыптарды четке кагып, өздөрүнүн күнөөсүз экенин билдирип келишет. 

«75чилердин каты» ушул жылдын февраль айында президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү сунушу менен өлкө жетекчилигине жолдонгон кайрылуудан кийин коомдук резонанс жараткан. Андан соң бир катар саясатчылар кармалып, кылмыш иши козголгон. 

Ишке «жашыруун» деген гриф коюлгандыктан, соттук териштирүүлөр жабык режимде өтүүдө. Айыпталуучулар жана алардын жактоочулары сотту ачык өткөрүү өтүнүчүн бир нече жолу көтөрүшкөнү менен, сот бул өтүнүчтү канааттандырган эмес.

Последние новости