www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Ош облусунун Ноокат районунда жайгашкан «Беш-Бурхан» көмүр шахтасына барып, өндүрүштүк иштердин жүрүшү менен жеринде таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Иш сапардын алкагында министр шахтанын өндүрүштүк кубаттуулугу, көмүр казуу процесси, коопсуздук чаралары, жер астындагы тоо-кен иштери жана өндүрүш инфраструктурасынын абалы боюнча маалымат алды. Ошондой эле көмүр өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана аймактын өнөр жай потенциалын кеңейтүү маселелери талкууланды.
Кен Ош облусунун Ноокат районунда жайгашып, жалпы 317,2 гектар аянтты камтыйт. Анын ичинен 7 гектар жер өндүрүштүк аянтча катары бөлүнгөн. Геологиялык маалыматтарга ылайык, кендин жалпы көмүр запасы 42,225 миллион тоннаны түзөт.
Долбоорду ишке ашырууга байланыштуу бардык чыгымдар инвестор тарабынан каржыланып, баштапкы этапта 25 миллион АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартылган. Бул каражаттар шахтанын инфраструктурасын түзүүгө, жер астындагы өндүрүш иштерин жүргүзүүгө жана заманбап техникаларды тартууга багытталган.
Техникалык долбоорго ылайык, келечекте жылына 900 миң тоннага чейин көмүр казып алуу пландалууда. Долбоор ишке толук кубаттуулукта киргенден кийин жергиликтүү тургундар үчүн 80 жаңы жумуш орду түзүлөт.
Шахтада өндүрүлүп жаткан көмүр ички рынок үчүн маанилүү энергетикалык ресурс болуп саналат. Адистердин маалыматына ылайык, кенден алынган көмүр калкты жана өндүрүш ишканаларын туруктуу отун менен камсыздоого ылайыктуу сапаттык көрсөткүчтөргө ээ. Бул өз кезегинде өлкөнүн түштүк аймагын көмүр менен туруктуу камсыздоого жана импорттук отунга болгон көз карандылыкты азайтууга өбөлгө түзөт.
2025-жылы тоо-кен даярдоо жана капиталдык иштерди жүргүзүү учурунда кошумча өндүрүш (попутная добыча) катары 5 миң тонна көмүр казылып алынган.
Министр Таалайбек Ибраев көмүр тармагын өнүктүрүү өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуудагы негизги багыттардын бири экенин белгиледи.
“Ички энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу — мамлекеттин стратегиялык артыкчылыктарынын бири. «Беш-Бурхан» сыяктуу ири долбоорлор өлкөнүн энергетикалык туруктуулугун бекемдеп, аймактарды өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө чоң салым кошот”, — деди министр.
Ошондой эле министр өндүрүштө коопсуздук талаптарын сактоо, заманбап технологияларды киргизүү жана экологиялык нормаларды так аткаруу маселелерине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
Учурда шахтада өндүрүштүк инфраструктураны кеңейтүү, техникалык базаны чыңдоо жана көмүр казуу көлөмүн этап-этабы менен көбөйтүү иштери уланууда.
«Беш-Бурхан» кенинин ишке кириши Кыргызстандын көмүр өнөр жайын өнүктүрүү, энергетикалык туруктуулукту бекемдөө жана ички ресурстарды натыйжалуу пайдалануу багытындагы мамлекеттик саясаттын маанилүү бөлүгү болуп саналат.