www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германиянын Mercedes-Benz компаниясы АКШда унааларынын зыяндуу заттардын чыгышы тууралуу маалыматтарды бурмалаганына байланыштуу чыккан чуулгандуу ишти жөнгө салуу үчүн дээрлик 150 миллион доллар төлөөгө макул болду. Бул тууралуу Reuters агенттигине таянып БЕЛТА кабарлады.
Маалыматка ылайык, Mercedes-Benz экологиялык нормаларды бузуу боюнча ишти жөнгө салуу үчүн 149,6 миллион доллар төлөөнү кабыл алган. Бул мыйзам бузуу дээрлик АКШнын бардык штаттарын камтыган. Ишти толук жабуу үчүн соттун акыркы макулдугу талап кылынат.
АКШнын 48 штатынын башкы прокурорлорунун коалициясынынайтымында, 2008–2016-жылдар аралыгында немис автоконцерни өз унааларына азот кычкылынын уруксат берилген чектен ашып кетишин жашырууга мүмкүндүк берген атайын түзмөктөрдү жашыруун орноткон. Белгилүү болгондой, бул зат дем алуу органдарынын ооруларына алып келип, смогдун пайда болушуна шарт түзөт.
Айыптоо тарабынын билдирүүсүнө караганда, мыйзамсыз түтүктөр 211 миңден ашуун жеңил унаага жана фургондорго орнотулган. Ошол эле учурда компания өз унааларын экологиялык жактан коопсуз жана колдонулуп жаткан талаптарга толук жооп берет деп активдүү жарнамалап келген.
Прокурорлордун айтымында, Mercedes-Benz мындай ыкмаларга унаалардын каалаган дизайнын жана кубаттуулугун экологиялык нормалар менен айкалыштыра албагандыктан барган.