www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кустурузациядан түшкөн каражаттар боюнча эл алдында бийликтин отчёт беришин талап кылабыз», - деди бүгүн, 4-мартта, NazarNews маалымат агенттигине саясатчы Бектур Асанов.

- Бектур агай, жаңы түзүлгөн оппозициялык кыймылдын мүчөсү экенсиз. Бул оппозициялык топтун негизги максаты эмне?

- Биздин негизги максатыбыз бийликке альтернативдүү аянтча түзүү. Себеби, бүгүнкү күндө бийликке анча-мынча саясатчылар, айрым партиялардан башка бир дагы адам альтернативалуу сунуштарды айтпай жатат. Ошон үчүн биз биригип, оппозициялык кыймыл түзүп, ушул максатта иштей баштадык.

- Эмне үчүн оппозициялык топ ишин баштай электе эле сынга кабылып жатасыңар?

- Ишти эми гана баштап жатканыбызга карабай караланып жатканыбыз азыр деле Акаевдин убагындагы ыкмалар колдонулуп жатканын кабарлайт. Бирок, биз эч нерседен коркпойбуз.

Бийликтин катачылыгын айтабыз. Мисалы, чек ара, кумтөр маселесинде айта турган жагдайларды айтабыз.  Бийликтен кустурузациядан ким канча каражат бергенин, ал каражаттар кайда жумшалганын эл алдында отчёт беришин талап кылабыз.

Бир жарым жыл бул бийликке убакыт бердик. Эми конституциялык укугубуздан пайдаланып, зарыл болгон учурда маселе көтөрүп, мыйзамдын алкагында иш кылабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости