www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Бекболот байке, гезиттин өткөн санындагы айыл реформасына арналган маегибиз бир топ талкуу жаратты. Редакцияга пикирлер, суроолор келип түшүүдө. Аларды иреттеп жатабыз. Азырынча биринчи суроо. Окурмандар «биздеги айыл чарба салык системасы кандай себептен идеалдуу?» - деп кызыгышууда…

--Дүйнө жүзүндө мамлекеттер кандайча жаралган? Салык чогултула баштаганда! Ал каражатка биринчи иретте өлкөнүн коопсуздук, анан элдин жашоо-турмуш маселелери чечиле баштаган. Демек, салык системасы ар бир өлкөнүн экономикасы үчүн өтө маанилүү. Бизге келели. СССР маалында Кыргыз ССРинин колхоз-совхоздорунда ар кандай салык жана төлөмдөрдүн саны он үч болчу. Аларды эсептеп туруу үчүн чарбада башкы экономист жетектеген, кеминде 5-6 кызматкери бар, пландык бөлүм иштөчү. Кийин, 1994-жылы эгемен Кыргызстан айыл реформасына бет алды. Колхоз-совхоздордун ордуна жаңы эркин дыйкандар чарбачылык жүргүзүп башташты. Аларга жаңы салык системасы керек эле.

Мен 1995-жылы айыл чарба министринин милдетин аткарууга киришерим менен академик Аман Мамытовго кайрылып, биргелешкен жумушчу топ түздүк. Он үч салык, төлөмдөрдү жоюп, болгону бир салык жана бир төлөм (Соцфондго) калтырдык. Алгач токтом, кийин мыйзам менен бекиттик. Бир аз убактан кийин мен жумуш сапары менен Вашингтонго, айыл чарба министрлигине барып калдым. Жетекчилери менен жолугуп, алардын айыл чарба салык системасы менен таанышкым келгенин айттым. Алар Висконсин штатынын университетинде эки мыкты профессор бар экенин такташты.

Эртеси ал штатка келип, алгач бир фермердин үйүнө бардым. Максатымды түшүндүрдүм. Ачык адам экен. Салыкты кандай төлөөрүн толук айтып берди. Ал жыл бою киреше-чыгашалары боюнча эсеп чектерин чогултат. Чектери бир чемоданга толуптур. Аны жылына бир жолу салык инспекциясына тапшырат. Ал жерде эсеп-чот жүргүзүлүп, анан таза кирешеге салык салынат. «Мунун баарын кантип эсептеп, тактайсыңар?» - деп мен таң калдым. Фермер айтат, «мен салык инспектору менен келишим түзөм, ага акысын төлөйм, ал баарын өзү бүтүрөт. Расмий акы аз эле акча, бирок «чаевые» дегени көп» - деп. Университетке келип эки профессор менен жолуктум. Биз Кыргызстанда киргизген жаңы айыл чарба салык системасын айтып берсем алар абдан суктанышты. Экөө дагы бул маселе боюнча илимий сунуш кылышыптыр. Дээрлик биз киргизген салыктай. Маңызы бир, болгону ыкмасы башка. Алар менен баарлашып, биз киргизген айыл чарба салык системасы – бул дүйнөлүк эталон экенине ынандым. «А эмнеге силер да фермерлер үчүн жөнөкөй салык системасын киргизбейсиңер?» - десем күлүштү. «Силердин коррупционер чиновниктериңер түшүнбөй калып, ошол абалдан пайдаланып кетипсиңер. Ал эми бизде коррупционерлердин тамыры күчтүү, алар жаңы салыкты кабыл алдыртышпайт. Көрөсүңөр, кийин силердики да өзгөртүлүшү мүмкүн» - деп эскертишкен эле.

--Ошондой болдубу?

--Ал профессорлор көрөгөчтүк кылышыптыр. Биздин бийлик соңку 20 жылда, менин билишимче, үч ирет «өлкөнүн салык системасын өркүндөтөбүз» - деп 60 миллион доллар тегерегинде тышкы кредит алышты.
Жеке байкоомдо, ал долбоорлорго ылайык, «өркүндөтүү» максатында иштеп жаткан салык системасына жаңы топчулар кадалып, түстүү кнопкалар орнотулуп жатты. Ал эми айыл чарба салык системасы түк өзгөрүлбөдү.

Идеалдуу иштеп жаткан системага жаңы топчу, түстүү кнопканын кереги не?! Бирок, 2015-жылы өлкөнүн бюджетинде чоң тешик пайда болгон. Айлык акы, пенсия, жөлөкпулдар берилбей калуу коркунучу жаралган.

Атамбаевдин бийлиги резерв издей баштайт. Акыры айыл чарба салыгын көтөрүүнү чечишет. Бул кастык чечимге ошол кезде биринчи болуп Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун дыйкандары каршы чыкканын коомчулук билбесе керек. Алар ар бир айыл өкмөтүнөн делегат шайлашып, беш жүздөй адам райборбордо чоң аянтка митингге чыгышат. Бийликке талап коюшуп, эгерде айыл чарба салыгы көтөрүлсө, анда Бишкекке барышарын, өлкөнүн дыйкандарын борбор шаарда чогултушарын жар салышкан. Жүрөгү түшкөн бийлик «ак чөп башта, эч өзгөртүү киргизилбейт» - деп дыйкандарды араңдан зорго таратышкан. Бирок, карапайым калк менен аткаминерлер тирешкенде соңунда ким утчу эле? Албетте, аткаминерлер. Абал тынчыгандан кийин Атамбаевдин финансисттери башка үч «резерв» таап чыгышат. Биринчи, аз камсыз болгон жүз миң адамды (!) социалдык жөлөкпулдан ажыратышкан. Экинчи, көмүскө «пенсиялык реформа» өткөрө салышып, жаңы пенсияга чыккан ардагерлерге чектелүүчү акчанын көлөмүн 1,5-2 эсеге кыркышкан. Үчүнчү, дыйкандардын Соцфондго төлөмүнө «жаңы топчу, түстүү кнопка» илишип, анын көлөмүн 2-3 эсеге көбөйтүшкөн. Ал төлөм айыл чарба салыгынан көп болуп калды.

--Жаңы коркунуч жокпу?

--Кантип жок болсун. Ушул тапта «өлкөнүн салык системасынын топчулары, кнопкалары эскирди, жешилди, аны өркүндөтөбүз» - деп өкмөт МАРдан (эл аралык өнүгүү бирикмеси) 35 миллион доллар кредит алып жатат. «Камтама болбогула, карызды келечек муун төлөйт» - деп коомчулукту сооротуп да коюшту. Мыйзам долбоору парламентте алты фракцияда жактырылды. Профилдүү комитет «убакыт тар, долбоорду ишке ашырганга беш жыл эле мөөнөт берилиптир, бул мыйзамды бир күндө үч окуудан өткөрүп, кабыл алып берели» - деген бүтүм чыгарды. Депутат Тариел Жоробеков «консультацияга кеткен чыгым долбоордун 63 пайызы экен, эмкиде мынчалык эркелебегиле» - деп өкмөттү зекимиш болду.

Ушуларды көрүп зээниң кейийт да. Биз, 25 жыл мурда он чакты адистер, бир сом чыгым кылбай, дүйнөлүк эталонго айланган айыл чарба салык системасын иштеп чыгып, киргиздик элек. Ал эми өлкөнүн жалпы салык системасын «өркүндөтүүгө» кеткен, аныгында талаага сапырылган жүз миллион долларга андан көрө жаңы эркин дыйкандардын өндүргөн продукцияларын натыйжалуу сатып берүү, кайра иштетүү, экспорттоо көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган атайын мамлекеттик долбоор иштетилсе кана?!

Булак: Майдан.kg

Последние новости