www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен шаарында мыйзамсыз лотерея уюштуруп, жарандарды алдаган деген шек менен 27 жаштагы жаран кармалды.
Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун бир нече тургуну милицияга кайрылып, июнь айында «Аппаз» аттуу жаран алардын ишенимине кирип, Lexus, Hyundai Porter жана башка автоунааларын алып, акча каражаттарын ар кандай шылтоолор менен бербей жүргөнүн билдиришкен.
Мындан тышкары, ал YouTube платформасында «Апаз-ТВ» аттуу канал аркылуу лотерея уюштуруп, жарандарды алдап жүргөнү тууралуу арыздар түшкөн.
Бул факт боюнча Баткен шаардык ички иштер бөлүмүндө Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Баткен районунун 27 жаштагы К.А. аттуу тургуну кармалган. Тергөө учурунда аталган YouTube каналында уюштурулуп келген лотереянын мыйзамсыз экендиги аныкталган.
Милициянын маалыматына караганда, жабырлануучуларга келтирилген материалдык зыяндын жалпы суммасы 2 миллион сомдон ашат.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ошондой эле мыйзамсыз лотереядан жабыр тарткан жарандардын санын аныктоо иштери уланууда.
Милиция аталган лотереядан жабыр тарткан же билет сатып алып, байгесин ала албай калган жарандарды Баткен ШИИБге кайрылууга чакырат.
Байланыш телефондору: (03622) 5-00-68, 102, +996 703 325 262.