www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен райондук соту 31 жаштагы кишини аялын мыкаачылык менен өлтүрүүдө күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу соттун өкүмүндө маалымдалды.

Документте айтылгандай, айыпталуучу 2020-жылдын январында аялын сабап өлтүргөн.

Тергөө боюнча, эркек киши келинчегин Аравандагы ата-энесинин үйүнө алып барууга макул болгон. Бир нече сааттан кийин айыпталуучу үйгө мас болуп келип, керектүү нерселерге акча таппагандыгын айткан. Андан кийин аялын жана балдарын авто унаасына олтургузуп, жолго чыгып, ортодо пикир келишпестик жаралгандыктан, токтоп, жашы жете элек 3 баласынын көзүнчө аялын сабаган.

"Айыпталуучу кайра үйүнө кайтып, балдарын чоң-атасы жана чоң-энесинин жашаган бөлмөсүнө киргизип коюп, өзү жашаган бөлмөдө жабырлануучунун алсыз абалынан пайдаланып, мас абалында аялын уруп өлтүрүү максатында өзү кийип жүргөн аскер бут кийимин (берц) кийип алып үйдүн ичинде аялын колунун муштумдары менен башына уруп, эс-учун жоготуп жерде жаткан жеринен башына, кабырга жана башка бөлүктөрүнө тээп сындырып, аныкталбаган жагдай менен күнөөлөп, "башка бирөө менен жыныстык катнашта болуп жүрөсүң" деген шылтоо менен атайын кайнатылган ысык сууну сан бөлүгүнө, жыныстык мүчөсү тарабына куюп, кыйноого алып, күйгүзүп, азаптаган. 

Келинчегин денесинен алган оор жараатынан улам өлүп калаарын билип туруп, өзүн актоо максатында кыйналып жаткан жеринен аны маскаралап, колдонуп жүргөн уюлдук телефонунун камерасын жандырып коюп, аныкталбаган жагдайлар менен күнөөлөп 1 сааттай камерага тартып өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн. Өзүнүн кылмыштуу аракетин жаап-жашыруу максатында жабырлануучу маркумдун үстүндөгү канга боёлгон кийимдерин алмаштырып, аларды жашырып койгон. Андан кийин Баткен областык биргелешкен ооруканасынын Тез жардам кызматына чалып, аялынын эс-учун жоготуп койгондугун айтып чакырып коюп, жансыз денесин өзүнүн автоунаасына жүктөп, Баткен областык ооруканасына жеткирип «зоб» оорусу козгоп деми кысылып, кыйналгандан алып келгендигин айтып кылмыштуу аракеттерин жаап-жашырып турган жеринен кармалган”, - деп айтылат соттук өкүмдө.

Сот отурумунда соттолуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

“Мен келинчегиме кайда жүрдүң деген суроо берсем, ал ачууланып "ойношум менен жүрдүм" дегенинен, мен муштум менен анын бетине бир урганда, мурдунан кан агып кетти. Ким ал, кайсы ойшонуң деп сурасам, айтпайм дегенине чыдабай колдору жана буттарына уруп, тепкилеп салгам”, - деп айткан айыпталуучу Ш.А.

Сот отурумунда маркумдун бир тууган агасы карындашы үй-бүлө кургандан бери жетишпеген жашоодо жашагандыгын, ар дайым карындашына материалдык жактан жардам берип келгенин, буга чейин да жолдошу тарабынан сабалып жүргөнүн айтып, күнөөлүүгө өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын сураган.

Сот айыпталуучуну 15 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости