www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде

Баткенде күн электр станциясы курулат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров "CECEP Solar Energy Co., Ltd." компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Тараптар кайра жаралуучу энергия булактары тармагындагы кызматташтыкты жана инвестициялык портфелди кеңейтүүнү талкуулашты.

Учурда аталган компания Баткен облусунда "Ак-Татыр" күн электр станциясын куруу долбоорун ишке ашырууда.

Жолугушууда заманбап энергия үнөмдөөчү технологияларды киргизүү жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин колдонуу маселелери каралды.

Равшанбек Сабиров бул кызматташтык өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоодогу маанилүү кадам экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар узак мөөнөттүү стратегиялык кызматташууну өнүктүрүү жана энергетика тармагындагы конкреттүү долбоорлорду мындан ары да биргелешип иштеп чыгууга макулдашты.

Последние новости