www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кадамжай району аймагында кошуна өлкөдөн башка өлкөгө мыйзамсыз ташууга даярдалып жаткан ири көлөмдөгү дары-дармектер аныкталып, алынган.
Тактап айтканда, нистатин, цефтриаксон, цефекон-Д, азитромицин, ампицилин жана психотроптук кошулмасы бар 247 даана “Pregabalin Capsules IP 300 mg NERVIGESIC” дары каражаттары кармалган. Алынган дары-дармектердин жалпы базар баасы 3 477 092 сомду түзөт.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын жараны, 47 жаштагы К.Ш. кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Аталган окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (Экономикалык контрабанда) менен кылмыш иши козголду.
Учурда психотроптук кошулмасы бар дары каражаттарына соттук-химиялык экспертиза дайындалып, кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо багытында ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.