www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетика министрлигинин тармакты жаңылоого жана модернизациялоого багытталган иш пландарынын алкагында “КУЭТ” ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасынын көмөк чордондор кызматы тарабынан 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында 3 көмөк чордон капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Атап айтканда, 35/10 кВ «Кара-Токой-2», 35/10 кВ «Ак-Турпак» жана 35/6 кВ «Ширеч» көмөк чордондорунда кеңири көлөмдөгү оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Оңдоо иштеринин жүрүшүндө трансформаторлор толук техникалык кароодон өткөрүлүп, эскирген жабдуулар жаңыланды. Ошондой эле электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында коргоо жана автоматика системалары текшерилип, тиешелүү оңдоо иштери аткарылды.

Мындан сырткары, көмөк чордондордун аймагында санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүп, коопсуздук талаптарына ылайык тартипке келтирилди. Жабдуулардын үзгүлтүксүз жана коопсуз иштешин камсыз кылуу үчүн бардык техникалык талаптар сакталды.

Жүргүзүлгөн капиталдык оңдоо иштери электр тармактарынын туруктуу иштешине шарт түзүп, авариялык өчүүлөрдүн санын азайтууга жана керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

 

Последние новости