www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 10-августта, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун милдетин убактылуу аткаруучу М.М. Бектурганов КМШга катышкан мамлекеттердин Башкы прокурорлорунун координациялык кеңешинин Аткаруу катчысы Ю.Н. Жданов менен жолугушту.
Жолугушууда КМШ өлкөлөрүнүн прокуратура органдарынын өз ара кызматташтыгы, эл аралык укуктук кызматташтыкты бекемдөө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу уюштуруучулук жана практикалык маселелер каралды.
Ю.Н. Жданов кыргыз тараптын Өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган аракеттерин колдой турганын билдирип, Координациялык кеңештин компетенциясынын алкагында зарыл көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара кызматташтыкты мындан ары чыңдоого жана КМШнын Башкы прокурорлорунун координациялык кеңешинин алкагында биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин ырасташты.