www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеш жаңы башкы прокурор менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасын бекитүү үчүн кезексиз жыйын өткөрүүнү пландабайт.
Бул тууралуу парламенттеги булактар билдиришти.
Маалыматка ылайык, парламенттин күзгү сессиясы башталганга чейин эки жетекчи тең милдетин аткаруучу макамында иштей берет.
Эске салсак, буга чейин президенттин жарлыктары менен күч түзүмдөрүндө кадрдык өзгөрүүлөр болгон.
Башкы прокурор кызматын аркалап келген Максат Асаналиев УКМКнын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалса, Башкы прокурордун биринчи орун басары Малик Бектурганов Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Башкы прокурор менен УКМК төрагасынын талапкерлиги Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылышы керек.
Бирок маалыматтарга караганда, бул маселелер парламент күзгү сессиясын баштагандан кийин гана каралышы күтүлүүдө.