www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы айрым мектептер май айындагы эс алуу күндөрү да окуйт. 

Маалыматка караганда, 5 күндүк окуу тартибиндеги №6, №13, №24 мектептерде 1-май күнү окуу болбойт. Ал эми 2-3-май күндөрү окуу күн. Ошондой эле 6-май жана 9-май күндөрү дем алыш.

Айрым ата-энелер мектеп директорлору майдагы эс алуу күндөрүнүн графигин каалгандай түзүп алышканын жана калаадагы билим берүү мекемелери ар кандай тартипте окутуп жатканын айтып, нааразы болушууда.

Бул боюнча Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева комментарий берүүдөн баш тартты.

Эмгек кодексине ылайык, Кыргызстанда май айында расмий үч майрам бар.

1-май — Эмгек майрамы;

5-май — Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү;

9-май — Жеңиш күнү.

Аптасына беш күн иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери 1-5-май күндөрү беш күн эс алышат. Бул күндөр аралыгындагы иш күндөрү башка күндөргө которулат.

Тагыраагы, мамлекеттик мекемелер 2-майдын (бейшемби) ордуна 6-майда, 3-майдын ордуна 11-майда иштейт.

Ал эми 9-май майрам күн болгондуктан дем алыш болот.

Алты күндүк иш тартиби менен иштеген кызматкерлер 1, 6 жана 9-майда эс алышат.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости