www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунда “Бандит" аталышындагы иш-чарада бир топ кылмыштардын бети ачылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаарында “Бандит” аталышындагы ыкчам-профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.
Аталган иш-чаранын жүрүшүндө бир топ алдамчылык фактылары аныкталып, аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин негизинде кылмыш иши козголду.
Кылмышка шектүү жарандар тергөө кызматына жеткирилип, суракка алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Андан сырткары кызматкерлер оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу, кылмыштуу топтордун мыйзамсыз аракеттерин аныктоо жана алдын алуу максатында мурда сот жообуна тартылган, учурда дагы кылмыштуу аракеттерге баруусу мүмкүн болгон, ыкчам кызыкчылыкты жараткан атуулдар менен профилактикалык иш-чараларды алып барышты. Алардын ар бир шек жараткан аракеттери катуу көзөмөлгө алынары эскертилип, мыйзамдуулукту бузгандыгы аныкталса, мыйзамдын негизинде катуу чаралар көрүлөрү түшүндүрүлдү.
