www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балыкчы — Барскоон жолу качан курулуп бүтөрү айтылды

Балыкчы — Барскоон трассасынын курулушу 2026-жылы соңуна чыгарын президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматта курулушту эки жеке компания менен "Кыргыз автожол" мамлекеттик ишканасы жүргүзүп жатканы айтылат.

Мындан тышкары, учурда Барскоон — Каракол жолун реконструкциялоо боюнча долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып жатканы белгиленди.

Балыкчы — Барскоон жолунун узундугу 141 чакырымды түзөт. Курулуш аяктагандан кийин анын төрт тилкелүү эл аралык маанидеги жолго айланары күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости