www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев Караколго тез жардам унаасын сатып алуу үчүн, кызматтык унаалардын бирин сатууну же алмаштырууну чечти.

Өзүнүн айтымында, автоунаалардын бирин кызматка колдонуп, ал эми биринчи орун басардын унаасын мыйзам жолу менен карап көрүшөт.

Мен муну кантип тез жана мыйзамдуу жасоо керектиги боюнча тапшырма бердим. Эгер аны сатсак, алган акчаны Тез жардам машинасын сатып алууга жумшайбыз. Балким, кимдир бирөө биз менен алмашкысы келет. Бул маселени күн тартибинде карайбыз», - деди ал.

Сөз аймакта ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров колдонуп жүргөн унаа жөнүндө болуп жатканы белгилүү болду. Анын айдоочусу унаага жасалма номерди орноткону айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости