www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бала-бакчаларда бүтүрүү кечелери. Директорлорго эскертүү берилди

 Бишкек шаарындагы бала бакчалардын директорлору менен жолугушуу өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева жана Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева катышты.

Жыйындын жүрүшүндө 2025-2026-окуу жылын аяктоо, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана жай мезгилинде мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишин уюштуруу боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Мыйзам талаптарын сактоого жана мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга жол бербөөгө өзгөчө көңүл бурулду. Жыйындын катышуучуларына чоң топтордун балдары үчүн бүтүрүү иш-чараларын өткөрүүгө, тарбиячыларга белектерди сатып алууга жана башка муктаждыктарга акча чогултууга катуу тыюу салынары дагы бир ирет эскертилди.

Последние новости