www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ынтымак Ордодо Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында өнөр жай аймактары жана индустриалдык парктар боюнча айрым маселелерге арналган жыйын болуп өттү.
Отурумдун жүрүшүндө жалпы өлкө боюнча өнөр жай аймактарын жана индустриалдык парктарды өнүктүрүү маселелери, ошондой эле алардын натыйжалуулугун жогорулатуу, инфраструктуралык даярдыгын камсыз кылуу жана инвестицияларды тартуу боюнча учурдагы милдеттер каралды.
Өзгөчө Чүй облусунун аймагында түзүлүп жаткан өнөр жай аймагынын калыптануу жүрүшү жана бул аянтчада инвесторлор тарабынан пландалып жана ишке ашыруу алдында турган инвестициялык долбоорлор боюнча деталдуу каралды.
Жыйынга бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана аталган өнөр жай аймагынын аймагында долбоорлорду ишке ашырып жаткан инвесторлор катышты.
Анда долбоорлорду ишке ашыруунун учурдагы этаптарында келип чыккан маселелер, анын ичинде инфраструктуралык камсыздоо, мамлекеттик органдар жана ресурс менен камсыздоочу уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү координациялоо маселелери көтөрүлүп, талкууланды.
Жыйындын соңунда тиешелүү мамлекеттик органдарга өнөр жай аймагынын мындан аркы өнүгүүсүнө байланышкан маселелерди ыкчам иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар берилди.