www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ак-Талаа районундагы Баетов–Макмал автоунаа жолунун 14–16-чакырым аралыгында селдин кесепетинен жабылган тилке кайрадан унаа кыймылы үчүн ачылды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, 6-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам аталган тилкеде сел жүрүп, жолдун айрым бөлүктөрүн жууп кеткен.
Маалыматта белгиленгендей, жолдун кюветтери болгонуна карабастан, суунун көлөмү өтө чоң болуп, жолго зыян келтирген.
Учурда жеринде жолду калыбына келтирүү, сел калдыктарын тазалоо, ошондой эле суунун агымын туура багыттоо жана буруу иштери уланууда.
Азыркы тапта Баетов–Макмал автоунаа жолу эки тараптуу кыймыл үчүн толугу менен ачык.