www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) биринчи жолу Ирандын аймагына сокку урду. Бул тууралуу маалыматты израилдик ЖМКлар таратышты.
Маалыматка ылайык, чабуулдун негизги бутасы өлкөдө жайгашкан тузсуздандыруучу суу тазалоочу заводу болгон. Чабуулдун натыйжасында объектке зыян келтирилгени айтылууда. Бирок окуянын чоо-жайы боюнча азырынча расмий билдирүүлөр жасала элек.
Израилдин Ynet басылмасынын маалыматына караганда, бул сокку негизинен Иран бийлигине багытталган эскертүү сигналы катары бааланууда.
Басылманын маалыматы боюнча, эгерде Ирандын чабуулдары күчөй турган болсо, анда БАЭ аскердик кампанияга кошулушу ыктымал.
Учурда расмий Тегеран да, Абу-Даби да бул окуя боюнча эч кандай билдирүү жасай элек.