www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (“Инвестициялык фонддор жөнүндө”, “Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзамдарга) 1-окууда каралды. Демилгечилер – депутаттар Маматалиев М.А., Келдибаев С.А., Бекешев Д.Д. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Марлен Маматалиев баяндама жасады.
Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 13-апрелиндеги «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам менен «квалификацияланган инвестор» деген инвестициялык институт түзүлгөн жана бул институттун андан аркы иштөөсү үчүн өбөлгөлөр тастыкталган. «Квалификацияланган инвестор» институтун киргизүү баалуу кагаздардын ата мекендик рыногун ар түрдүүлөнтүүгө жана инвесторлордун жаӊы тобун түзүүгө мүмкүндүк берет. Өз кезегинде квалификацияланган инвесторлор үчүн бир кыйла ийкемдүү жана пайдалуу шарттарын түзүү фондулук рынокко жаӊы катышуучуларды тартууга мүмкүндүк берет жана бүтүндөй алганда рыноктун активдешүүсүнө оӊ таасирин тийгизет.
«Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын нормаларын ишке ашыруу үчүн бир катар мыйзам актыларын жогоруда аталган мыйзамдын нормаларына ылайык келтирүү зарылчылыгы жаралган.
Талкууда “квалификацияланган инвестор” деген түшүнүктүн киргизилиши менен бир күндүк инвесторлор эмес тажрыйбалуу инвесторлор тартылаары айтылды.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Булак: NazarNews.kg