www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1989-жылы 14-февралда Армиясын алып чыгып кетип баратып СССР Ооганстанга мектеп, балдар бакчасы сыяктуу 220 обьект калтырып кеткен, 2021-жылы АКШ апийим талаасын, өлүм лагерин калтырып дыр коюшкан.

Ооганстан Пакистан менен согушууга даяр

 Бюджетинин дээрлик 40 пайызын жумшап, Ооганстан чоң согушка даярданып жатат. Азыркы убактагы Палестинадагы оор кырдаалдардан улам Пакистандан куулуп жаткан 1,8 миллион оогандыктар тууралуу сөз болбой турат. Оогандыктар СССР менен жоолашып жаткан убакта көптөгөн качкындар Пакистанга барып топтолгон. Ал жерден алар отурукташып, азыркы мезгилге чейин Пакистанга жагып турган.

Көпчүлүгү пуштундар түзгөн бул качкындар оогандык оппозициянын тиреги болуп келген. 2021-жылы ооган президенти Ашраф Ганини кубалап чыгып талибандар бийликке келет. Ошондон баштап пакистандык талибдер Пакистандык бийликке каршы согуш жарыялаган. Буларга ооган тарап колдоо көрсөтүп турат. Ошондон улам пакистандык аскерлер оогандыктарды өз аймагынан депортациялап жатат.

Өлкөнүн 40% бюджети келечектеги жихадчыларга  даярдоого кетип жатат. Диний –согуштук  медреселерде  400 миңге жакын жаш балдар окууда, булар бүткөн соң кайсы мечитке барышат?  Кыскасы минадай болуп жарылганы турган Ооганстан көпчүлүк коңшулары үчүн тиш оору болуп турат.  
 

Өлүм лагерлери

Өлүм лагерлери Пакистандын түндүк-батышында Ооганстан менен чектешкен жерлерде орун алган. Булардын тарбиялануучуларын талибандар керектүү адамдарга үстүнөн баалап сатышып, бизнес кылышат. Мечиттерден тиги дүйнө бар экенине ишенип, өлсө шейит боло турган наристе балдарды тандап, бул өлүм лагерине алып келишет. Пакистандын коопсуздук күчтөрү Сват өрөөнүндө талибдер тарабынан өлүмгө даярдалган 200 өлүм үчүн башын сайган балдарды кармаган. Булардын эң кичүүсүнө 6 жаш толот экен, башкалары деле ушундан бир аз улуурак наристелер. Балдарды психологиялык жактан зомби кылып салышкан, алар өздөрүн теракт менен өлтүрүшүп, өлө турган болушса түз эле бейишке бара тургандарына бекем ишенип алышкан. Алар ушунчалык ишенимде болгондуктан эгер бул жолдон кайттыра турган болсо, ал эмес ата-энесин жазалоодон кайра тартышпайт. Эң коркунучтуусу бул камикадзелер менен биринчи маек ишке ашкан эмес. «Балдардын эч кандай сөздү угар кебетеси жок. Буларга террористтер деген кимдер экенин түшүндүрө алган жокпуз» -деген маалыматка провинциянын өкмөтүнүн министри Башир Ахмед Билоур. Сват, Малаканд, Лакки райондорунда өлүм үчүн дапдаяр наристелердин лагерлери бар.

Рейтердин маалыматтарына карасак: «Наристе балдардын мээлерин тескери айлантышкан. Алар ал эмес өз ата-энелерин динге ишенбегендер деп эсептешет». Рейтердин билдирүүсүндө балдарга мусулмандарга жаман мамиле жасап жаткандар тууралуу тартылган фильмдерди көрсөтүп турган. Бул фильмдерде Палестинадагы жана Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн жагындагы мусулмандарга жасалган мамилелерди байма-бай көрсөтүп турган, андан тышкары ар кандай диний инструкцияларды, алар капырларды өлтүрүп, теракттан көз жума турган болушса түз эле бейишке барышарын кулагына сиңиришет.

Бул аскерлерге командачылык кылган бригадир Тахир Хамиддин айтуусунда талибандар көпчүлүк үй-бүлөлөрдөн балдарын сатып алышып, кээ бирөөнү тартып алышып өлүм лагерлеринен даярдашып, эч ким укпаган чоң суммага балдарды үстүнөн сатышат. Балдардын ата-энеси өлгөн балдары үчүн болбогон гана акчаларды алса алышат. Кээ бир балдар ата-энесине кайтышканы менен өз ата-энелерин каршы мээлери зомби болуп калгандыктан, бул лагерлерге кеткен учурлары бар. «Талибан» кыймылы өлүмгө башын байлаган мындай жоочулардын жоопкерчилигинен качышпай, мындай балдарды Пакғистан менен Ооганстанда тарбиялап жаткандарын мойундарына алышкан.

Дүйнөдө кокаин жана апийим өндүрүү өсүүдө. Сап башында Колумбия жана Ооганстан турат. Ооганстанда апийимди талибандык күчтөр өстүрүп камкордукка алган. Эл аралык уюмдардын билдирүүсүндө, Борбор Азиядагы Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан аркылуу Ооганстандан жыл сайын тонналаган баңгизат Орусия менен Европа өлкөлөрүнө жеткирилет. Бирок анын так саны тууралуу маалымат жок. Баңгизат Кыргызстан аркылуу негизинен «Түндүк транзит» деп аталган жашыруун жол аркылуу ташылып турат. Акыркы чуулгандуу окуядан кийин Кыргызстандын укук коргоо органдары транзитке каршы күрөштө чабал болуп жатат деген сынга кабылган.

2021-жылы АКШ баштаган чет элдик аскерлер Ооганстандан чыгып кете баштагандан кийин "Талибан" согушкерлери өкмөттүк күчтөргө каршы айыгышкан күрөш жүргүзүп мамлекетти өз колуна алган. АКШнын аскерлери Ооганстандагы Баграм авиабазасынын имаратынан чыгып кетери менен ал жакты мародёрлор тоноп кетишкен. АКШ аскерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө Баграмдан чыгып кетип жаткандыгы тууралуу маалымат бербегендиктен, имаратты эч ким кайтарууга алган эмес. Буга чейин АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы куралдуу күчтөрүн Ооганстандан чыгарып жатканына байланыштуу бул өлкөнүн америкалыктарга жардам берген тогуз миңдей жаранына баш калкалоо берүүнү Борбор Азия өлкөлөрүнөн суранган.

Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости