www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элдин жүрөгүн айлантып кускусун келтирген келемиш менен кене жыбырашып Францияны каптады.Негизи Францияда боло олимпиадага Орусияга чектөөлөр киргизилди. Орусиянын туусу көтөрүлбөйт, мамлекеттик гимни аткарылбайт. Спортсмендердин күйөрмандары жок, анткени орус күйөрмандарын жолотушпайт. Ушундан уламбы орус телеберүүсүндө олимпиада тууралуу берер алдында Франциядагы жыбыраган келемиш менен кене тууралуу бере баштады.

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Олимпиада оюндарына жолдомо уткан. Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна 77 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Акжол Махмудов.Жарым финалда кыргыз балбаны япониялык Кусака аттуу балбан менен кез келип, атаандашын 7:5 эсебинде жеңип алган.Муну менен Акжол Махмудов Дүйнө чемпиондугунун финалына чыгып, "Париж-2024" жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды.

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Муну менен ал 2024-жылы өтө турган Париж Олимпиадасына Кыргызстан үчүн алгачкы жолдомону камсыз кылды.Балбан кыз жарым финалда колумбиялык Татьяна Ринтерианын заматта эле далысын жерге басып таза жеңиш менен утту. Ал экөө U23 дүйнө чемпионатынын финалында дагы жолуккан, анда Айпери утуп чемпион аталган. Айпери Медет кызы буга чейин атаандаштарына бир да упай бербей утуп чыккан.Алгачкы күрөшүндө румыниялык Каталина Аксентени 11:0, беларустук Анастасия Зимянкованы 10:0, канадалык Жастина Ди Стассиону 11:0 эсеби менен жеңген.

 Дүйнөнүн үч жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова өлкөгө кайтып келди. Балбан кыз NazarNews маалыматтык агенттигине берген маегинде ар бир беттеш оор болгонун айтты: "Финалдык беттеште жапон спортчусуна такыр мүмкүнчүлүк бербей, бат эле утуп койдуң" деп айтышты. Экрандын ар жагындагы колдоочуларга гана ошондой сезилет. Себеби мен үчүн ар бир беттеш оор болду. 

Дүйнө чемпиондугуна спорчулардын баары жеңейин деп барат. Мен дагы ошол максат менен баргам. Бүгүнкү күндө аталган чемпионатка карата койгон максаттар ишке ашты десем болот. Быйыл дагы Дүйнө чемпиондугунда Олимпиадага жолдомо алып, дагы бир ирет тарых жараттык десем болот", - дейт кыргыз элинин сыймыгы.

Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль уткан. Муну менен балбан кыз карьерасында үчүнчү ирет Дүйнө чемпиондугунда алтын байгенин ээси болду.

Кыргызстан спортсмендердери олимпиадага жолдомо алыш үчүн катуу таймаша баштады. Кыргызстандык Акжол Махмудов Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында алтын медаль тагынды. Ал грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 77 килограммга чейинки салмак ченинде катышкан.Махмудов 1/4 финалдан баштап, Камбоджа менен Казакстандын спортчуларын эки жолу утуп, финалга чыкты. Чечүүчү беттеште кыргызстандык Ирандын өкүлү Амин Кавиянинежад менен беттешти. Махмудов жеңишке жетип, алтын медаль тагынды. 2018-жылы Индонезияда кыргызстандык дагы финалга чейин жетип, бирок чечүүчү беттеште дагы бир ирандык Мухаммадали Гераеи утулуп калган.

Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров алтын тагынды. Бул Кыргызстандын дзюдо боюнча Азиядагы алгачкы алтын медалы. Финалга чыгуу жолунда Шеров Кытай, Ливан жана Бириккен Араб Эмираттарынын спортчуларын жеңип алды. Алтын үчүн күрөштө кыргызстандык дүйнө чемпиону өзбекстандык Давлат Бобоновду жеңип алды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

 

 

Последние новости