www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында балбандар Нурзат Нуртаева менен Гүлнур Таштанбекова 3-орунду ээлеп, коло медалга татышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматта белгиленгендей, балбан Нурзат Нуртаева 72 кг чейинки салмакта күч сынашып, чейрек финалда Кореянын өкүлү Субин Кимди 10:0 эсебинде ишенимдүү жеңген.
Жарым финалдык баскычта кытайлык Жиа Лонгго 0:11 эсебинде утулуп калган. Коло медаль үчүн күрөштө монголиялык Эрдене Очирди 2:0 эсебинде жеңип алды.
Ал эми спортчу Гүлнур Таштанбекова 65 кг чейинки салмакта күч сынашып, алгачкы беттешинде Кытайдын өкүлү Лилиге 10:0 эсебинде утулуп калган. Кийинки жубатуучу беттеште иорданиялык балбанды 10:0 ири эсебинде жеңген. Коло байге үчүн күрөштө өзбекстандык Фируза Эсенбаеваны 4:2 эсебинде утуп, коло медалдын ээси болду.