www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Автопаркта 400дөн ашык автобус каттамга чыкпай токтоп турат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн сайын 1250–1300 автобус каттамга чыгат. Коомдук транспорт учурда кадимки режимде иштеп жатат. Автобус паркын пайдалануу 85%ды түзөт.

"Мындан тышкары, 2025-жылдын ноябрь айында сатып алынган 95 жаңы автобус үчүн документтерди даярдоо иштери жүрүп жатат. Бардык зарыл болгон жол-жоболор аяктагандан кийин, автобустар ишке киргизилет. Жаңы автобустар каттамга чыккандан кийин, паркты пайдалануу көрсөткүчү дагы жогорулайт",-деп айтылат маалыматта.

Последние новости