www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Австрияда жаңы окуу жылынын башталышы менен 14 жашка чейинки кыздардын мектептерде хиджаб кийүүсүнө тыюу салган мыйзам күчүнө кирди.

Өлкө өкмөтү бул чараны гендердик теңчиликти камсыз кылуу жана жаш кыздардын укуктарын коргоо максаты менен түшүндүрдү.

Жаңы талап мамлекеттик жана жеке мектептерге тиешелүү. Мугалимдер мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөп, эреже бузулган учурда окуучу жана анын мыйзамдуу өкүлдөрү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттүү.

Эреже кайра-кайра бузулса, балдарды коргоо кызматтарына билдирүү жөнөтүлөт. Ал эми акыркы чара катары ата-энелерге 800 еврого чейин айып пул салынышы мүмкүн.

Последние новости