www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Чүй облусунун Сокулук районундагы атасынан төрөдү делинген кыздын ымыркайын балалуу боло албай жүргөн үй-бүлө багып алды. Бул тууралуу айрым массалык каражаттары жазып чыкты.

Ал эми Чүй ОИИББи учурда бул окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалганын, ал эми багып алган адамдардын дагы аты-жөнү такталып, териштирүү иштери башталганын билдирди.

Эске салсак, Сокулук районунда атасы кызын зордуктап койгон. 14 жаштагы кызы боюнда болуп калып, 4-июлда уул төрөгөн.

Маалыматтарга караганда, боюнда болуп калган кыз аборт кылдыруу үчүн гинекологго кайрылган. Врач болсо кыздын төрөшүн күтүп, төрөгөн соң, баласын өзүнүн туугандарына берген.

Өз кызын зордуктаганга шектелген 53 жаштагы ата сөөрөй кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости