www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ат-Башы райондук айыл чарба башкармалыгынын жана Арашан жамаатынын демилгеси менен арашан койлорунун жарманкеси өттү.
Иш-чарага Нарын облусунун бардык райондорунан жана Чүй облусунан келген фермерлер катышып, 100дөн ашуун арашан койлору жарманкеге коюлду. Анда койлор 100 миң сомдон 500 миң сомго чейин бааланып, эн кымбат кочкор 500 миң сомго сатылды.
Жарманкеде мал чарбачылыгы менен алектенген дыйкандарга арашан койлорунун сапаты, салмагы жана өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалыматтар берилди. Аны менен катар эле фермерлер ортосунда асыл тукум мал өстүрүү боюнча тажрыйба алмашуу жүрдү.
Ат-Башы районунда арашан багытындагы макамын алган бир асыл тукум чарба бар. Анда учурда 470 баш кой багылууда.