www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналист Асеин Саралаев жакында эле премьер-министр “укук коргоо органдары кошумча акчадан баш тартты” деп айткан сөзү тууралуу билдирүү жазып чыкты.
Журналисттин билдирүүсү төмөндө өзгөртүүсүз берилет:
“Милиционерлердин ак эмгеги тебеленбесин!
Бүгүн Өкмөт башчыбыздын: "Укук коргоо органдары азыркыдай учурда 3 эсе айлыгын көп алышы керек экен. Ошол айлыктан биз ушундай мамлекетке оорчулуктар болуп жатса, бюджетибизге оорчулуктар болуп атса ошону биз албай эле коёлу деген өзүлөрүнүн демилгеси менен келип атышыптыр. Бул жакшы нерсе да? Значить түшүнүп атат да бюджетти топтоо бир эле Өкмөттүн иши эмес, жалпы элдин иши экенин...",- деп айткан сөздөрү,- мага: "Эгер эл унчукпай калса, милиционерлерди акырын унчукпагыла деп зекип туруп акчаны төлөбөй эле коелу",- деген кыйытып атйкандай эле сезилди... Ушул сөз бир өлкөнүн бакандай Премьер-министри айта турган сөзбү? Маани берип көрсөңүз кыргыз милициясын бала бакчадагы мадырабаштарга салыштырып "Бюджет каяктан келип атканын түшүнүп атышат" дейт??? Өздөрү укук коргоо органы деп аталган структуранын кызматкерлери эмес мектептеги мадырабаштар деле бюджет каяктан чогуларын билишет.
Бул жерде "Өздөрү келип атышат, демилге көтөрүп атышат" деп жомок айткандын өзү уят!!! Өкмөт башчысы тескерисинче бардык милиционерлерге ыраазычылык билдирип туруп:
- 2000-жылы чыккан Өкмөттүн 639-токтомунун негизинде наамына жана ээлеген кызматтарына ылайык күнүмдүк үч эселенген өлчөмдөгү кошумча каражат төлөнүп берилет,- деп айтып койсо жакшы болмок. Болду эми каяктагы 1924-жылдагыдай "өздөрү кокуй албайм деп жатышат" деген жылаңач патриотизмди айтып шылтоо кылбастан милиционерлердин ак эмгегин жебей төлөп берип койгула! Ал нерседен казынабыз банкрот болуп калбайт.
Анан дагы президент менен премьер-министрге рахмат айтып ишеничти акташты дешти? Ооба рахмат!!! Бирок ошол зор мээнеттин артында медиктер, милиционерлер, өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери жана аскерлерден турган чоң армия күнү-түнү күрөшүп атышат го? Эгер бир милиционер күнүнө 12 сааттан ашык иштеп, машинесинде, муздак чатырда түнөп, үйүнө жети түндө жөө жалаңдап барып, ар түрдүү адамдар менен нервин кетирип иштеп жүрүшүп катуу ооруга чалдыкса, мамлекет өмүр бою бекер даарылап береби? Бир күн карап экинчи күнү эшикке чыгарып коюшат...
Бүгүн бир гана биздин өлкөдө эмес, бүт дүйнө жүзүндө оор абал турат. Бирок, оор абалды шылтап милиционерлердин мамлекет алдындагы ак эмгегин тебелеп тепсетпейли!!! Милиционерлердин да үйүндө үй-бүлөсү, бала чакасы бар!
Эртең эле тымызын милиционерлерди кодулашып акча төлөгүлө дебегиле, Өзүбүз баш тарттык дегиле деп кысым жасашы да толук мүмкүн? Анткени кээ бир коменданттар: "Милиционерлер айлык үчүн иштешпейт. Күнүнө тамагына 130 сомдон алып атышат",- дешип Американы ачканын көрдүк. 1300 сом төлөп, күндө казы-карта берип аткандай болгон сөздөрдү айткан жетекчилер эртең эле акчадан баш тарткыла деп айтышы да мүмкүн... Министр начальниктерди мажбурлап, алар төмөнкүлөрүн мажбурлап, алар төмөнкүлөрүн мажбурлап акырында "демилге көтөрүп баш тарттык" дедиртип протоколго кол койдурушкан советтик система керек эмес! Милиционерлердин өздөрү албетте унчугушпайт! Ошондуктан жалпы коомчулук депутаттар менен биргеликте бул маселени унутпай байкоо салып туралы. Премьер-министр да, ички иштер министри да өзгөчө абал бүткөндө кошумча төлөмдөр берилет деп сөз беришти! Башка күнү калп айтышса да улуу Рамазан айында калп айтышпайт деп ишенем!!!”,-деп жазып чыкты Асеин Саралаев.
Булак: NazarNews.kg