www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Щучинск шаарында өтүп жаткан жайкы биатлон боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Артур Сапарбеков коло медаль тагынды.

Спортчу 7,5 чакырымдык спринт жарышында үчүнчү болуп келип, Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси болду.

Мелдеш учурунда Артур Сапарбеков ок атуу тилкесинде эки жолу ката кетирген.

Анын бири жатып атууда, экинчиси туруп атууда катталган.

Буга карабастан, ал дистанцияда жогорку ылдамдык көрсөтүп, байгелүү орунду камсыздай алды.

Белгилей кетсек, жайкы биатлон боюнча Азия чемпионаты 23-июлда жыйынтыкталат.

Последние новости