www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Армения Республикасынын Улуттук Жыйынынын Төрагасы Ален Симонян Марлен Маматалиевди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы кызматына шайланышы менен куттуктады.
Өз телеграммасында Ален Симонян эки өлкө ортосунда салттуу достукка жана өз ара кызыкчылыкка негизделген кызматташтык калыптанганын белгилеп: “Сиздин кесипкөйлүгүңүз жана саясий тажрыйбаңыз Армения Республикасы менен Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу органдарынын байланышын мындан ары да бекемдөөгө чоң өбөлгө түзөт деген ишеничтемин”,– деп жазган.
Ошону менен катар Ален Симонян Төрага Марлен Маматалиевге чың ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалап, Кыргызстан эли тынчтыкта өнүгө берсин деген тилегин билдирген.