www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын “Арча-Бешик” конушунда жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө тиешелүү акциздик маркалары жок, жалпы суммасы 522 миң сомдон ашкан акциздик товарларды аныкташты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 110 литр спирт, 3500 куту тамеки, акциздик маркасы жок никотин камтылган 27 таңгак чайналуучу тамеки сагызы, ошондой эле күмөндүү акциздик маркасы бар 41 бөтөлкө алкоголдук продукция табылган.

Аталган продукцияны сактоо жана андан ары сатуу ишин чет өлкөлүк жаран жүргүзүп келгени аныкталды. Товарлар Бишкек шаарындагы курулуш объектилеринин аймагында сатылып, төлөмдөр QR-код аркылуу «AliPay» төлөм системасы менен кабыл алынган.

Бул факт боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

 

Последние новости