www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандагы бул жылкы туристтик сезон деле эч нерсеси менен өзгөчөлөнгөн жок. Абдан ийгиликтүү болду деп айтканга деле ооз барбайт. Бирок, таптакыр эле эчтеке болбой калды деп айтуудан да алыспыз. Анткен менен кадимикидей эле бир «өзгөрүү» байкалып жатат. Суусамыр өрөөнүнүн ак карлуу чокуларынын фонундагы бедуиндердин чатырлары жана Ысык-Көлдү массалык “арапташтыруу”. Байкалып жаткан жаңылык ушул.
Арабдар массалык түрдө Кыргызстанга кызыга башташты. Чүй областтык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча ушул жайда Суусамырдын өзүнө эле Аравия жарым аралынын 3000дей тургуну бир эле учурда келип кеткен. Аларды бул аймак Ысык-Көлдөн кем эмес, балким андан да көп кызыктырып жаткандай. Анткени Суусамырда алардагыдай кайнаган аптап жок. Суусамырдын абасы салкын, мөлтүр булактары көп. (ал эми арабдарга суу- алтындан кымбат эмеспи). Алар чатырларын түз эле талаага тигип алышып, жаратылыштын кооздугунан ырахат алышууда. Ошол эле учурда көптөгөн арабдар Бишкекке, Ысык-Көлгө, башка жерлерге келип кетишти. Сауд Аравиясынан келген коноктордун Кыргызстандын жаратылышын татыктуу баалап атканы албетте жакшы. Бирок, таң кала турган нерсе бул: акырындык менен болсо да арабдардын келиши менен кошо кыз-келиндерибиздин арасында никабка (чүмбөт) оронуу модага айлана баштады. Аны кийген аялдардын бети башы думбаланып, көздөрү гана ачык калат экен. Бир кезде бизге никаб тургай, хижап кийген аялдар өөн учурачу эле, эми болсо кыргыз аялдары өмүрү тарыхта кийбеген никабаны кийип жүрүшсө деле таң калбай калат окшойбуз.
Чыгыш Аравияда бүгүнкү күндө согуш менен террорчулуктун оту тутанып турат. Ошондуктан мындай “зыяратты” карап туруп жүрөгүң опкоолжуйт экен. Анан калса азыркы Чыгыш бүгүнкү күндө тынчтык өнүгүүгө караганда, “Аль-Каида” жана “Ислам мамлекети” сыяктуу уюмдар менен көбүрөөк байланышып калганын дүйнөлүк басылмалардын дээрлиги жазып да, көргөзүп да жатышат. Анан, аргасыздыктан ушундай бир ойлор келет экен...
Рейна Касымалиева
Булак: "Айгай"