www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын Перс булуңундагы ЦРУнун объекттерине дрондор (БПЛА) менен жасаган чабуулдарынан кийин АКШнын чалгын кызматтары Орусия Тегеранга бутага алуу үчүн маалымат же учкучсуз учактардын алдыңкы технологияларын берген болушу мүмкүнбү деген маселени иликтей баштады. Тактап айтканда, Иран Орусия тарабынан жаңыланган Shahed үлгүсүндөгү дрондорду колдонгон болушу мүмкүн.

АКШнын чалгын кызматы азырынча бул чабуулдарга Орусиянын катышы бар-жогу боюнча акыркы жыйынтыкка келе элек. Бирок соккулардын жогорку тактыгы жана натыйжалуулугу, ошондой эле Орусиянын Иранга көрсөтүп жаткан кеңири техникалык колдоосу мүмкүн болгон далилдердин бири катары каралууда.

Айрым аналитиктердин айтымында, Орусиядан тышкары АКШнын жашыруун объекттери тууралуу купуя маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүнө жана аларды пайдаланууга кызыкдар болгон мамлекеттер өтө аз. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирген.

Последние новости