www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга карабастан алтын менен күмүштүн баасы төмөндөдү. Бул тууралуу Euronews маалымдады.
Акыркы маалымат боюнча, алтындын баасы 4100 долларга чейин түшүп, кийин 4400 долларга кайра көтөрүлдү. Бул өзгөрүү АКШ президенти Дональд Трамп Иранга сокку урууну убактылуу токтотуу чечиминен кийин болгон.
Жалпысынан алтын январь айынан бери 20%дан ашык арзандады.
Күмүш болсо андан да көп арзандады. Мурда 121 долларга чейин жетсе, азыр 61 долларга түшүп калды. Бул дээрлик 40–50% төмөндөө дегенди билдирет.
Адистердин айтымында, баалардын түшүшү мунайга байланышкан кооптонуулар жана пайыздык чендердин жогору болушу менен байланыштуу.
Адатта алтын менен күмүш коопсуз актив болуп эсептелет. Ошондуктан алардын арзандашы инвесторлорду тынчсыздандырууда.