www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийликтин баардык бутактары Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдон салам дуба алышты. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине депутат Алмазбек Токторов билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн мамлекет башчысы Жогорку Кеңеште маселелердин чоң спектрин козгогон кайрылуу жасады. Негизги маселелер коррупция менен күрөшүү, соттук жана укук коргоо органдарын реформалоо жана инвестицияларды тартуу болду.

Токторов президенттин сөзүнөн бийликтин баардык бутактарына багытталган салам-дубаны көрө алганын белгиледи.

«Себеби Жогорку Кеңештин трибунасы мамлекеттин борбордук трибунасы болуп саналат. Бул трибунадан Жээнбеков өзүнүн программасы боюнча билдирди жана коррупция менен күрөш алсызданбай турганын түшүндүрдү», - дейт депутат.

Эл өкүлү президент Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкер кезинде айткан программасын айтты дейт.

«Президент өз билдирүүсүнүн жана чечимдеринин жактоочусу экенин көргөздү жана ишти күчөтө турганын түшүндүрдү», - деп кошумчалады эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости