www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Алай районунда мыйзамсыз курал жүгүртүүгө шектелген эки жаран кармалды.

Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Алай райондук ички иштер бөлүмү тарабынан өткөрүлүп жаткан «Арсенал» аталышындагы профилактикалык иш-чаранын жүрүшүндө 1969-жылы туулган Ш.О. жана 1970-жылы туулган К.Т. аттуу жергиликтүү тургундар кармалган.

Текшерүү маалында алардын жанынан уруксат берүүчү документтери жок «ТОЗ-11» жана «ТОЗ-8» үлгүсүндөгү ок атуучу куралдар табылган.

Аталган факты мыйзамда белгиленген тартипте каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Алынган куралдарга соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси («Куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жыйынтыгында 57 жаштагы Ш.О. жана 56 жаштагы К.Т.га шектүү катары айып угузулуп, кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлгөн.

Последние новости