www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда райондук соттун жаңы административдик имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Иш-чарага Жогорку соттун Төрагасы Медербек Сатыев, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова, Ала-Бука райондук сотунун төрагасы Камбарбек Бейшеев, судьялар, сот тутумунун кызматкерлери жана мамлекеттик, укук коргоо жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты.
Салтанатта Медербек Сатыев жаңы имараттын пайдаланууга берилиши сот системасын өнүктүрүү жана жарандар үчүн заманбап шарттарды түзүүдөгү маанилүү кадам экенин белгиледи.
Эки кабаттуу имаратта судьялардын жана сот аппаратынын кызматкерлери үчүн кабинеттер, жарандык жана кылмыш иштерин кароо үчүн сот залдары, архив, күбөлөр үчүн атайын бөлмө, адвокаттар жана прокурорлор үчүн кабинеттер, жарандарды кабыл алуучу «Бирдиктүү терезе» кызматы жана балдар үчүн атайын бөлмө каралган.
Ошондой эле сот имараты видеокөзөмөл, кирүүнү көзөмөлдөө, өрт коопсуздугу, жылытуу жана желдетүү системалары жана сот өндүрүшүн жүргүзүүгө зарыл болгон маалыматтык технологиялар менен жабдылган.
Жогорку соттун Төрагасы сот имараты жөн гана административдик жай эмес, мыйзам үстөмдүгү камсыздалып, жарандардын укуктары менен эркиндиктери корголуучу маанилүү мамлекеттик институт экенин айтты.
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жаңы имараттын ачылышы аймак тургундары үчүн сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө жана сот кызматтарынын сапатын жогорулатууга шарт түзөрүн белгиледи.
Ала-Бука райондук сотунда учурда 3 судья, 9 сот аппаратынын кызматкери, 8 кенже тейлөөчү персонал жана 6 сот приставы эмгектенет.